2022-03-11

Кесиптик жогорку мектебибиздин мүдүрү кайрадан өз ордуна дайындалды


Кесиптик жогорку мектебибиз түзүлгөндөн бери университетибизге ар кандай долбоорлор менен кызмат кылып келе жаткан кызматкерибиз, э.и.к., доц.м.а. Махмут Вурал 2022-жылдын 11-мартынан баштап мүдүрлүк кызмат ордуна кайрадан дайындалды.

Негизинен командалык иштин маанилүүлүгүн баса белгилеген Махмут мырза өзү уюштурган чогулушта, биримдик жана биримдүүлүктүн маанисине көбүрөөк басым жасап, университетибиздин миссиясы жана көз карашынын алкагында жаңы долбоорлорду чыгаруу үчүн аракеттердин улана турганын, жогорку кесиптик мектеп болгондугуна байланыштуу коомго сектордук жана ички кызмат көрсөтуугө басым жасалаарын айтып кетти. Ректоратыбыз да ар бир ишибизде бизге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, бул ишенимди текке кетирбөө үчүн ийиндеш болуп, эртеңки муундарды эң мыкты деңгээлде тарбиялоону мындан ары да улантаабыз деп билдирди.